Гулнур Сатылганова - Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо feat. Султан Садыралиев Текст песни (слова)
Аккан суу түз кеталбайт, сай болбосо,
Караңгы жарык болбойт, ай болбосо,
Чыракта пилик күйбөйт, май болбосо.
Талаанын көркү кайда, гүл болбосо?
Гүл ачып, кубат албайт, күн болбосо,
Акындар ырдай албайт, тил болбосо,
Душманың жазганабы, сүр болбосо?
Ала-Тоо коркко келбейт эл болбосо?
Комуздан абаз чыкпайт, кыл болбосо,
Сүйүшүп эл каалабайт, ыр болбосо.
Аялдын көркү кайда, чач болбосо
Тоолордун салмагы аз, таш болбосо.
Узакка кабар жетпейт, кат болбосо,
Жигиттин наамы чыкпайт, март болбосо,
Ак жүздө кызыл болбойт, нур болбосо,
Сооданын иши жүрбөйт, пул болбосо
Нан чайнап жута албайсың, тиш болбосо,
Балбандын аты чыкпайт, күч болбосо.
Көздөгөн максатыңа жете албайсың,
Колуңда бардык жарак бүт болбосо.
Чарбанын көркү болбойт мал болбосо
Арчанын саясы жок, шак болбосо,
Булбул куш кайда конот, бак болбосо
Дайралар толкуп, ташпайт, сел болбосо
Аргымак ат арыбайт, бел болбосо,
Дыйканга түшүм кайда, жер болбосо,
Ала-Тоо көрккө келбейт, эл болбосо!
Текст песни (слова) Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо lyrics
Тексты песен Гулнур Сатылганова являются собственностью правообладателей. Текст песни "Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо" представлен исключительно для ознакомления и личного пользования.
All lyrics are property and copyright of their owners. All lyrics provided for educational purposes and personal use only.