Гульнур Сатылганова - Күн Тилек Текст песни (слова)
Ашыгың бир күн кезигет,
Жүзүмдөй жүрөк эзилет,
Кыз-жигит эгер болбосо,
Кызык кез кайдан сезилет?
Байкасам баары жуп белем,
Басабыз эки бут менен,
Канаты экөө болбосо,
Каяктан учат куш деген.
Кайырма:
Жаштыгың кургур ээй,
Жашынат бир күн оой,
Таттуу кез эртең ээй,
Табылбайт келсең оой,
Ырыстуу күндүн шаңында,
Ырдайын үнүм барында.
Токтолбой бийле замандаш,
Жоктолбой турган чагыңда.
Жашооңду улап махабат,
Жаштыктын гүлү аталат.
Сүрсө да жүз жаш өмүрдү,
Сүйүүдөн адам жашарат.
Жүзүңдөн бырыш сүрүлөт,
Жүрөгүң туйлап сүйүнөт.
Өзүңдү эмес жарыңды,
Өзгөчө сыйлап сүйүп өт.
Күйгүзүп дүйнөң бири кем,
Күл болсоң дагы күйүүдөн.
Көгөрүп адам ансайын,
Көңүлүн калбайт сүйүүдөн.
Жар күтүп бакыт тапканга,
Жалынды берген жаштарга.
Өмүрүң жерде өтсө да,
Көктөсүн көңүл асманда.
Текст песни (слова) Күн Тилек lyrics
Тексты песен Гульнур Сатылганова являются собственностью правообладателей. Текст песни "Күн Тилек" представлен исключительно для ознакомления и личного пользования.
All lyrics are property and copyright of their owners. All lyrics provided for educational purposes and personal use only.