Мирбек Атабеков - Из Калтыр feat. Акбар Кубанычбеков Текст песни (слова)


(OST Жаңы Күч)

Бул жашоодо таза жолду танда,
Мүмкүнчүлүк келет ар бир жанга.
Өзүм дебей бир өмүрдө күйүп,
Эмгегиңди элиң үчүн арна.

Жалкоо болбой кайрат, күчүң барда,
Чоң жарышта сапарыңдан калба.
Жашоодогу жеңиш ошол экен
Пайдаң гана тийсе ар бир жанга.

Өкүнбөйлү өткөн ишке кайра,
Кур дүйнөгө берилип байланба.
Атың өчпөй, жашап кылымдарга,
Баштаган жолуңдан эч тайманба,
Из калтыргын жүрөктө нур барда.

Жарык болуп күн нурундай тийсең,
Жан дилиңден бул жашоону сүйсөң.
Жалп деп анан өчкөн өңдүү жалын,
Бул учурлар кайрылбаган ирмем.

Өзгөртөсүң келечекти бир сен,
Өзөгүсүң жаңы күндүн билсең.
Адамдарга үлгү болуп дайым,
Жашагысы келгендей сен жүрсөң!


Текст песни (слова) Из Калтыр lyrics
 
 

Тексты песен Мирбек Атабеков являются собственностью правообладателей. Текст песни "Из Калтыр" представлен исключительно для ознакомления и личного пользования.
All lyrics are property and copyright of their owners. All lyrics provided for educational purposes and personal use only.

Популярные тексты песен исполнителя Мирбек Атабеков
Популярные тексты песен
Новые тексты песен