Мирбек Атабеков - Унуталбайм (Unutalbajm) Текст песни (слова)


Атыңды угуп калсам капыстан,
Алоолоп күйүп-жанам унчукпастан.
Унут деп өзүмдү өзүм алдасам да,
Ичимен берилип улутунам.

Көрө албаска, ал сөздөргө азгырылып,
Мен жүрөм жообун таппай жазыгымдын.
Таң калам жоругуна ашыгымдын,
Ишенип, ишене албай…

Азыр деле жашайсың,
Жүрөгүмдөн өчүрө албайм.
Ак сүйүүмдү башка жанга,
Көчүрө албайм, унута албайм,
Баары бир сени…

Күч барбы тыйып коёр сүйгөн жанды?
Сен мага ишенбедиң, айла барбы…
Канчалык мен өзүмдү өзүм сооротсом да,
Жүрөктүн буйругуна арга барбы?

Таттуу тилек, максаттар кайда калды?
Кол жеткис көк мелжиген жайда калды.
Курманы болбойлу айың кептин,
Өчпөгөн үмүт калды…


Текст песни (слова) Унуталбайм (Unutalbajm) lyrics
 
 

Тексты песен Мирбек Атабеков являются собственностью правообладателей. Текст песни "Унуталбайм (Unutalbajm)" представлен исключительно для ознакомления и личного пользования.
All lyrics are property and copyright of their owners. All lyrics provided for educational purposes and personal use only.

Популярные тексты песен исполнителя Мирбек Атабеков
Популярные тексты песен
Новые тексты песен